Ырчы Анжелика 72 дем алдыруучу аппаратка акча чогултту, бешөө андан белек

3 июль 2020 10:53 11633 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Анжелика Кайратовна кечээ, 2-юлда жасалма дем алдыруучу аппаратка каражат чогултууну баштап, бир күндүн ичинде жакшы жыйынтык болгонун айтты. Бул туралуу анын социалдык тармактагы баракчасына таянып «Барометр» билдирет.

“Чет мамлекеттен “кычкылтек (кислород) концентратор” алып келүүгө 72 аппаратка акча которулуп, андан тышкары менден 5 аппарат, жана 25 аппарат жалпы элдин жана азамат инсандардын колдоосу менен чогулду”,  - деп жазган Анжелика.

Белгилей кетсек, Ырчы Мирбек Атабеков учурдагы кырдаалга байланыштуу 2 даана ИВЛ аппаратын сатып алууга каражат которгонун айтып, кайрымдуу адамдарды, кесиптештерди, колунда бар инсандарга каражат чогултууга көмөктөшүү керек экенин айткан.

Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-anzhelika-72-dem-aldyruuchu-apparatka-akcha-chogulttu-besh-andan-belek



Добавить комментарий