Ырчы Анжелика аскадан секирип кетти: "Кудай колдосун деп анан учуп кеттим"
Коомчулук Анжелика Кайратова көптөгөн ызы-чуунун, интриганын үстүндө жүргөнунө көнүп калганын айтып келет. Ырчы ага карап талкууларга, сындарга, ушактарга сынбай ар тараптуу ийгиликтерге жетүүдө. Бул жолу Анжелика көпчүлүктү бийик аскадан секирүүсү менен таң калтыра алды.
Аскадан секиргендеги жана андан кийинки сезимдери менен ырчы:
“Кыйкырганга да жетишпей калдым. Тоого чыкканча буттар талып, өйдө жардан секирүү унутта калат экен.
Мени эле күтүп жаткан команда дароо аркандарын тагып баштаганда кичине сездим толкунданууну. Буга чейин секирдин беле?-десе ооба, ой страховкасы жок деле циркте секиргем деп коём. Кайдан айттым эле, тиги негизги сары арканды алды жагыман чечип далыма тагып койсо болобу?! Ииии.
Же аны кармаса да болбойт, эки колумду каяка кетирээрмди билбейм. «Анжелика»! Бир токтосон тура бересин, дароо секиришин керек дедим.
Видеого да тартып жатпайбы, Кудай колдосун деп анан учуп кеттим.
Кайра чыгышым кыйын болду. Тоонун тик таштарына тырышып, буттурым калчылдап, айтоор укмуш “перезагрузка” болдум”, -деп бөлүштү.
Ырчынын күйөрмандары жана окурмандары анын эркине, тайманбастыгына баа берип таң калышууда.
Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-ajzhelika-askadan-sekirip-ketti-kudaj-koldosun-dep-anan-uchup-kettim
Добавить комментарий ×