YouTube колдогуучулары көптөн күткөн функциясын сынап жатат

2 август 2023 12:17 976 Barometr
Бөлүшүү:
ok

YouTube колдонуучуларга видеону көрбөй туруп, андан тексттин үзүндүсүн алууга мүмкүндүк берген эксперименталдык функцияны ишке киргизди. Бул тууралуу TechCrunch порталына шилтеме берип Барометр” маалымдайт.

Жасалма интеллект баракчадагы видеону жылдырганда же издегенде чыккан видеолордун мазмунунун кыскача корутундусун түзүү үчүн колдонулат. 

Белгиленгендей, инновациянын максаты – колдонуучулардын тажрыйбасын жакшыртуу жана кызыкчылыктар боюнча видео издөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу.  

Азырынча функция англис тилиндеги видеолордо гана иштейт. Инновациянын артында турган технология Google Bard чатботуна негизделген, ал ChatGPT сыяктуу ар кандай темадагы тексттерди түзүүгө жөндөмдүү.     
Бул функция сыналууда жана 2023-жылдын 1-августунда чектелген сандагы колдонуучуларга жеткиликтүү болду. Эксперименттин аяктоо датасы белгисиз. Ийгиликтүү болсо, ал YouTube'нин коомдук версиясында ишке ашырылат.      
Июнь айында YouTube иштеп чыгуучулары колдонуучунун видеолоруна дубляж жасоо үчүн жасалма интеллектти колдонгон функцияны кошушкан.     

Ссылка: https://barometr.kg/youtube-kptn-ktkn-funkciyany-synap-zhatat



Добавить комментарий