Бразилияда жаңы төрөлгөн наристени тирүүлөй көмүп салышкан

11 июнь 2018 21:00 1608 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бразилияда жаңы төрөлгөн наристени өлдү деп ойлошуп 15 жаштагы кызы менен 57 жаштагы чон энеси жерге көмүп коюшкан. Кошуналары көмүп жатканын көрүшүп, бул тууралуу жергиликтуу полицияга кабар берген. Наристе 8 сааттан ашык жатканы менен өлгөн эмес. Казып жатканда баланын кынылдаган үнү угулган. Укук коргоо органдары окуя болгон жерден видеого тартып алышкан. 

 Чон энеси менен кызынын билдиргенине караганда, наристе төрөлүп жатканда  башы менен жерге урулуп түшкөн,  өлдү деп ойлошуп, укук коргоо органдарына айтпай эле жерге көмүп салышкан. 

Наристе ооруканага жеткирилип, чон энеси суракка алынып жатат деп жазды The Sun басылмасы. 

 

Ссылка: https://barometr.kg/yarlyki-vhodyashie-648-pomechennye-otpravlennye-chernoviki-22-bolshe-yarlykov-eshyo-4-iz-1-117-braziliyada-zhay-trlgn-naristeni-tirlj-kmp-salyshkan



Добавить комментарий