Япониялык киши жумушу жок жүрүп эки жылда 260 миң доллардан ашуун каражат тапкан

18 январь 2021 17:22 1604 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Япониянын Токио шаарынын тургуну жумушу жок бош жүрүп, эки жарым жыл ичинде болжол менен 30 миллион иен (22 миллион сомдон ашык) каражат иштеп табууга жетишти. Бул тууралуу Day Day News маалыматына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

2018-жылдын июнь айында киши "профессионал бекерчи катары өзүн ижарага берүүнү сунуш кылып жатам" деп Твиттерге жазган. Ал дүкөнгө барып келүү үчүн, сейилдөө үчүн, кинотеатрга, ресторанга барып шерик болууга даяр экенин айткан. Шоджи Моримотонун айтымында, ал "жөнөкөй тапшырмалардан башка" оор жумуштарды жасай албайт.

"Мен бекерчи адам катары өзүмдү ижарага сунуштайм. Дүкөнгө жалгыз баруу сизге кыйын болуп жатабы? Командада оюнчу жетишсизби? Сизге орун ута турган адам керекпи? Оңой тапшырмалардан башка эч нерсе жасай албайм", - деп жазган ал өзүнүн Twitter баракчасына.

Эки жарым жыл ичинде аны 3 миңден ашуун жолу кызмат көрсөтүүгө чакырышкан.  Моримото өзүнүн "кызматы" үчүн 10 миң иен (8 миң сомдон ашык) алат, ага жол киреси жана тамак-аш чыгымдары кошулбайт.

Басылманын маалыматы боюнча, Шоджи Моримотону негизинен сүйлөшүүгө муктаж жалгыз адамдар чакырышат. Ал тамактануу, Instagram үчүн кооз кылып сүрөткө тартуу, паркта көпөлөктөрдү кармоо, дарыгерлердин оор жумушу тууралуу арыз-муңун угуу, ажырашууга арыз берген адамды коштоо үчүн жалданган. Бир жолу Шоджини бир киши адам  өлтүргөндүгү жөнүндө айтып берүү үчүн жалдаган, экинчиси аны өз жанын кыюуга аракет кылып жаткан жерге алып барууну суранган.

Белгилей кетсек, Моримото үй-бүлөлүү, жогорку билимге ээ. Мындай кызмат көрсөтүүгө иштегенге чейин, ал басмаканада иштеген.

Ссылка: https://barometr.kg/yaponiyalyk-kishi-zhumushu-zhok-zhrp-eki-zhylda-22-mln-somdon-ashyk-karazhat-tapkan



Добавить комментарий