Якутиянын Ички иштер министрлиги мигранттарды катуу текшерип жатат
Якутияда мигранттар иштеп жаткан тармактар катуу текшерүүгө алынууда. Бул тууралуу Якутиянын Ички иштер министрлигинин сайтында маалымдалды.
Аталган кабарга таянсак, Саха (Якутия) Республикасынын Тергөө комитетинин жетекчиси Владимир Прокопенко Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен жолугушкан учурда Кыргызстандын жаранынын Якутск шаарынын тургунуна карата кылган ишин кескин сынга алды.
Владимир Прокопенко Якутияга келгендердин баары мыйзамды сакташы керектигин баса белгиледи.
Эскерте кетсек, Якутияда мигранттардын жергиликтүү тургунга зомбулук көрсөткөндүгү боюнча маалыматтан кийин аларга каршы митинг өткөн. Кылмышка шектүү үч адамдын бирөө кармалып, күнөөсүн мойнуна алды, учурда тергөө жүрүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/yakutiyanyn-ichki-ishter-ministrligi-migranttardy-katuu-teksherip-zhatat
Добавить комментарий ×