WhatsApp дүйнө жүзү боюнча миллиондогон колдонуучуларын жоготту
WhatsApp мессенджериндеги шарттардын жаңылануусу миллиондогон колдонуучуларды Signal жана Telegram сыяктуу альтернативдик кызматтарга өтүүгө аргасыз кылды. Бул тууралуу The Guardian жазган маалыматка шилтеме берип «Барометр» билдирет.
Британ парламентинин Ички иштер комитетинин маалыматы боюнча, январь айынын алгачкы үч жумасында Signal тиркеменсине дүйнө жүзү боюнча 7,5 миллион, ал эми Telegram 25 миллион колдонуучуга кошулган.
Натыйжа ушунчалык күчтүү болгондуктан, WhatsApp 8-февралга белгиленген жаңы шарттарды ишке ашырууну кийинкиге калтырып, колдонуучуларга кандай өзгөртүүлөрдү киргизип жаткандыгын түшүндүрүү үчүн чыгымдарды чектөө өнөктүгүн баштоого аргасыз болду.
WhatsApp тиркемесиндеги жаңыланууда билдирүүлөрдүн коопсуздугу жакшы каралган эместиги менен көпчүлүк колдонуучуларды андан баш тартууга түртүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/whatsapp-djn-zhz-boyuncha-milliondogon-koldonuuchularyn-zhogottu
Добавить комментарий ×