Военно-Антоновка айылынан тургундары нааразычылык акциясына чыгышты

31 октябрь 2019 11:54 6139 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн 31-октябрда Сокулук районунун Военно-Антоновка айылынан жер сатып алып, бирок үй салууга уруксат ала албай келаткан жарандар Жогорку Кеңештин алдына нааразылык акциясына чыгышты.

Алар бир нече убакыт бою «Урматуу депутаттар чыккыла! Элдин үнүн уккула!», -деп кыйкырып жатышты.

Ошондой эле, ѳлкѳ башчысына да кайрылып кыйкырып жатышты. Андан тышкары Жанар Акаевге жеке кайрылуу жасашты.

Военно-Антоновка айылынын тургундары ушул жылдын май айында өкмөт үйүнүн алдында нааразылык акциясына чыгып, аларды милиция кармап кеткен. Алардын айрымдары 3000 сом айыпка жыгылып, 30дай киши түшүнүк кат жазган.

Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы муну өкмөт үйүнүн алдында 29-апрелден 11-майга чейин нааразылык акцияларын өткөрүүгө сот тарабынан тыюу салынганын жүйө келтирген.

Айылдын тургундары бүгүн Жогорку Кеңештин алдында болчу акцияга Бишкек мэриясы уруксат бергенин айтышты.


Ссылка: https://barometr.kg/voenno-antonovka-ajylynan-turgundary-naarazychylyk-akciyasyna-chygyshty



Добавить комментарий