Владислав Шулико Ысык-Көлдүн жарымын сүзүп өттү
Бөлүшүү:
Кыргызстандык сууда сүзүүчү Владислав Шулико Ысык-Көлдүн 84 чакырымын сүзүп өттү. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.
Эскерте кетсек, спорт чебери кезектеги рекордду коюп-Ысык-Көлдү узатасынан сүзүп өтүүнү чечкен. Анын айтымында, буга төрт-беш күн керек.
Ал 22-августта саат 07:30да Караколдон старт алган. Эми Балыкчы шаарына чейин сүзүп келмекчи.
Учурда Шулико 181 чакырымдын 84 чакырымын сүзүп өттү.
Ссылка: https://barometr.kg/vladislav-shuliko-ysyk-kldn-zharymyn-szp-tt
Добавить комментарий ×