Владислав Шулико Ысык-Көлдүн 160 чакырымын сүзүп өттү
Бөлүшүү:
Кыргызстандык сууга сүзүүчү Владислав Шулико марага жетерине 20 чакырым калды. Ал Ысык-Көлдүн 160 чакырымын сүзүп өттү. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.
Эскерте кетсек, спорт чебери кезектеги рекорд коюп-Ысык-Көлдү узатасынан сүзүп өтүүнү максат кылган. Бул үчүн анын эсеби боюнча төрт-беш күн кетиши керек.
Шулико 22-август күнү саат 07:30да Каракол шаарынан сүзүп чыккан. Ал Балыкчы шаарына чейин сүзүп келет.
Ссылка: https://barometr.kg/vladislav-shuliko-ysyk-kldn-160-chakyrymyn-szp-tt
Добавить комментарий ×