Владислав Шулико Ысык-Көлдү сүзүп өтүүнү баштады
Бөлүшүү:
Спорт чебери Владислав Шулико Ысык-Көлдү узундугу боюнча сүзүп өтүүнү баштады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Спортчу кечээ, 22-августта саат 07:30да Каракол шаарында старт алды. Ал аталган калаадан Балыкчы шаарына чейин сүзүп келмекчи.
Буга чейин дүйнөнүн баардык спортчулары Ысык-Көлдү узатасынан сүзүп өтүүдөн баш тартышкан.
“Issyk-Kul Swim” долбоорунун алкагында Владислав Шуликонун коопсуздугун камсыздаш үчүн 5 суучул эки моторлуу кайыкта коштоп келмекчи.
Алар 181 чакырымда 5 күндө өтүүнү пландаган спортчунун жанында дайыма болушат.
Ссылка: https://barometr.kg/vladislav-shuliko-ysyk-kld-szp-tn-bashtady
Добавить комментарий ×