Владислав Шулико бүгүн түштөн кийин марага жетет

27 август 2021 12:17 1302 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандык сууда сүзүүчү Владислав Шулико марага жетерине 15 чакырымдан аз аралык калды. Бул тууралуу аны коштоп бара жаткан команда маалымдаганын “Барометр” кабарлайт.

Бүгүн Шулико күн бүркөк болгонуна карабай сууда сүзүүнүн жыйынтыктоочу баскычын аяктоону чечкен. Аны мурдагыдай эле уюштуруучулар, спортчулар, машыктыруучулар жана дарыгерлер коштоп келе жатышат.

План боюнча ал бүгүн саат 13.00дөн баштап 14.00гө чейинки аралыкта Балыкчы шаарындагы марага жетиши керек. Беш күндөн берки Ысык-Көлдү узатасынан сүзүп өтүү Балыкчынын пляжында аяктайт.

Владислав Шулико сүзүп өтө турган аралык олимпиадалык бассейндин 3 миң 600үнө барабар.

Ссылка: https://barometr.kg/vladislav-shuliko-bgn-tshtn-kijin-maraga-zhetet



Добавить комментарий