Владимир Путин: 2020-жыл эки өлкө үчүн эң мыкты жыл болот

28 март 2019 15:42 1120 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2020-жыл эки өлкө үчүн эң мыкты жыл болот. Бул тууралуу Россия федерациясынын президенти  Владимир Путин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик иш сапарынын маалында билдирди.

“Келерки 2020-жыл Россияда Кыргызстандын жылы, ал эми Кыргызстанда Россиянын жылы болот. Биз профилдик ведомстволорго маданий программаларды иштеп чыгуу тапшырмасын бердик. Белгилей кетсек, өткөн жылы улуу кыргыз жана россиялык жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы Россияда жогорку деңгээлде белгиленди. Бүгүн биз улуу жазуучунун үй музейине барабыз”,-деп айтты Владимир Путин.

 Мындан тышкары Путин 16 миң кыргыз студенттери Россияда окуп жатканын, ал эми 20 жылдык тарыхы бар Кыргыз-славян университети эки тараптуу мамилелердин флагманы экенин белгилеп өттү.

 

Ссылка: https://barometr.kg/vladimir-putin-2020-zhyl-eki-lk-chn-e-mykty-zhyl-bolot



Добавить комментарий