Визанын мөөнөтүн 2030-жылга чейин узартууга ИИМ менен УКМК каршы болушту

28 ноябрь 2018 11:38 929 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанга визасыз режимдин мөөнөтүн 2030-жылга чейин узарталы деген сунушту депутат Дастан Бекешев бүгүнкү 28-ноябрдагы парламенттик жыйында айтты. Бирок, ички иштер министрлиги жана УКМК тараптан колдоо болгон жок. 

Алар мыйзамды толугу менен колдойт, бирок мөөнөтүн 2025-жылга чейин деген ойлорун айтышты. Себеби өлкөдө тартип бузууларды алдын алууда дароо эле туристтерге эшикти кенен ачып берип коюуга болбойт дешти. 

Ал эми Бекешев: "Тигиндей болуп кетет, мындай болуп кетет деп эле корко берет экенсиңер, акыры Кыргызстан өнүгүшү керекпи?"-деди. 

Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны өтүүдө. Анда “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү боюнча маселе каралат.

Ошондой эле, жыйындын күн тартиби боюнча 10 маселе талкууланат. “Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө” мыйзам долбоору, “Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору, "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору жана башка маселелер талкууланып жатат. 


Ссылка: https://barometr.kg/vizanyn-mntn-2030-zhylga-chejin-uzartuuga-iim-menen-ukmk-karshy-bolushtu



Добавить комментарий