Видео.Космонавттар 10 жыл космосто калган сүлгүнү алышты

31 май 2019 14:25 1667 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Россиялык Олег Кононенко жана Алексей Овчинин космостогу иштердин жүрүшүндө 10 жыл мурда Эл аралык космос станциясынын сыртында унутулуп калган сүлгүнү алышты. Анын кездемеси бузулган эмес жана ошол бойдон атайын кутуга салынды. Эми сүлгү Жерге алынып келгенде изилдөөгө берилерин Life.ru сайты жазды.

Алгач космонавттар унутулган буюмду багыттын ортосунда алары болжолдонуп жаткан. Бирок кайра жүрүп бара жатканда алууну чечишкен.

Космос мейкиндигинде космонавттардын программалары өтө  тыкыр жүргүзүлдү. Алар "Поиск" модулунун иллюминаторлорун тазалап, станциянын бетинен текшерүүгө материалдарды алышты.

Россиялыктар ачык космос мейкиндигине чыгуусун кораблдын бортунан космос ааламына биринчи болуп чыккан Алексей Леоновго арнашты.

Ссылка: https://barometr.kg/videokosmonavttar-10-zhyl-kosmosto-kalgan-slgn-alyshty



Добавить комментарий