Видео.Коопсуздук кызматынын полковнигинин үйүнөн бир жарым КамАЗга жүк болчу акча табылды

19 май 2019 23:44 14152 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын "К" башкармалыгынын банк бөлүмүнүн начальниги, полковник Кирилл Черкалиндин үч квартирасын атайын кызматтар  тинткен учурда 12 миллиард рубль табылды. Бул тууралуу «Росбалт» кабарлады.

«Свободная пресса» басылмасы маалымдагандай, бул акчаны алып чыгыш үчүн бир жарым же эки кубаттуу самосвалдар керектелет.

Порталдын эсебине караганда 1000 рублдиктен 12 миллиард рублди эсептегенде болжол менен 12,48 тонна болот.

"112" Telegram-каналы тинтүү учурундагы видеону жарыялады.Андан акча салынган пакеттер менен сумкаларды көрүүгө болот.

Ссылка: https://barometr.kg/videokoopsuzduk-kyzmatynyn-polkovniginin-jnn-bir-zharym-kamazga-zhk-bolchu-akcha-tabyldy



Добавить комментарий