Видео. Жүргүнчү учак конуучу тилкеден чыгып кетти

22 июль 2019 10:27 2355 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Жүргүнчүлөр түшкөн учак конуп жаткан маалда учуучу-конуучу тилкеден чыгып кетти. Кырсык Пакистандын Гилгит шаарында болгонун news.com кабарлады.

Пакистандын эл аралык авиалинияларынын ATR 42-500 учагы ички каттамдан, тактап айтканда Исламабаддан кайтып келе жатканда кырсыкка кабылган.

Бортто 53 жүргүнчү болгон, бактыга карай эч ким жабыркаган жок.

Ссылка: https://barometr.kg/video-zhrgnch-uchak-konuuchu-tilkeden-chygyp-ketti



Добавить комментарий