Рактан айыктырам деп, мөөнөтү өткөн дарылар менен дарылап жаткан пакистандын жараны кармалды

25 апрель 2023 12:01 806 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Аламүдүн районунда рак оорусуна чалдыгып калган жаранды айыктырууну убадалап акча алган чет элдик жаран кармалды . Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, чет элдик жаран рак оорусунан айыктырып берем деп 5500 доллар алып убадасын аткарган эмес. 

“24-апрель күнү Аламүдүн РИИБине арыз менен 1989-жылы туулган Б.С. аттуу жаран кайрылып, өзүн «Сиддик» деп тааныштырган адам, ушул жылдын февраль айында рак оорусу менен ооруган баласын медициналык жол менен айыктырып берем деп ишеничине алдоо жолу менен кирип, 5500 АКШ доллар акчасын алып, убадасын аткарбастан дары дармекке дагы акча талап кылган жаранга чара көрүүнү суранган.

Аталган факт Аламүдүн РИИБине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде (алдамчылык) жана 152-беренсинде (мыйзамсыз дарылоо иши) көрсөтүлгөн кылмыштын курамы менен кылмыш иши козголгон.

Текшерүү учурунда «Сиддик» аттуу адам Пакистан Республикасынын жараны 1982-жылы туулган С.У.Р. экендиги аныкталып, ал тиешелүү медициналык билими жана уруксааты жок туруп, жарандарды мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармектер менен мыйзамсыз дарылоону жүргүзүп жаткандыгы аныкталган.

Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, жогорудагы шектүү Пакистан Республикасынын жараны 1982-жылы туулган С.У.Р. аттуу жарандын жүргөн жери аныкталып, Кыргыз Республиксынын ЖПКнин 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда шектүү ушул сыяктуу башка кылмыштарды жасоого тиешеси бар болушу мүмкүн.

Буга байланыштуу, эгерде С.У.Р. аттуу жарандын кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткандар болсо, анда Аламүдүн РИИБине же нөөмөт бөлүмүнүн 0312363527, 363523 телефондоруна кайрылуу зарыл.

Кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланууда”, -деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/uulun-raktan-ajyktyruunu-ubadalap-mnt-tp-ketken-darylar-menen-darylap-zhatkan-pakistandyn-zharany-karmaldy



Добавить комментарий