Видео. Ырчы Асель Кадырбекова көпчүлүкө боёксуз видеосу менен бөлүштү: "Өмүрү боёнуп өтүп кетет го"
Ырчы Асель Кадырбекованын келбетине адаттан тышкары сын-пикирлер көп айтылып келет. Мунун баарын ырчынын косметикалык каражаттарды көп колдонгондугунда. Асельдин инстаграм баракчасындагы катталуучулардын көпчүлүгү андан боёгу жок сүрөтүн көргөзүүсүн талап кылып келишчү.
Кадырбекова туура боенууну үйрөнүү үчүн окуп жатканын кабарлап келсе эми минтип кечээ боёнуп жаткан видеосу менен окурмандарына бөлүштү. Видеодон Асельдин бетинде таптакыр боёгу жок турганын көрүүгө болот.
Ырчынын көпчүлүк катталуучулары "көзүнүн астындагы шишиги чоң экен", "өмүрү боёнуп өтүп кететго", "боёксуз сулуу эмес экенсиң" деп сынга алышса күйөрмандары "Аселя сен кандай болсоң да сулуусуң", "эң сулуу аял-кош бойлуу аял" деген өңдүү жакшы пикирлерин жазып калтырышты.
Добавить комментарий ×