Видео. "Ванчопа" менен реп ырчысы Бегиш мушташып кетти

3 январь 2019 11:55 10042 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Жаштар арасында Ванчопа деген каймана ат менен таанылган тамашоучу Жаныш менен реп ырчысы Бегиш түнкү клубтардын биринде мушташып кетишти. Алар чырдашып жатканда күбөлөрдүн бир видеого тартып алып, интернетке таратып жиберген.

Видеодон Жаныш менен Бегиштин чырдашып андан кийин мушташа кеткенин көрүүгө болот.

Instagramда пикир жазгандардын көпчүлүгү автордон видеону өчүрүп салуусун суранып жатат. Алардын катарында Актан Рыскелдиев да пикир жазып, окуя 29-декабрда болгондугун жана чырдын келип чыгуу себептерин билбестигин айтты.

Ал эми кээ бирлер Жаныш "Ванчопанын" образынан чыга албай жатканго деп тамашалашты.

Кошумчалай кетсек Жаныш менен Бегиш бул тууралуу эч кандай жооп бере элек.

Эске салсак, "Эл эмне дейт" долбоорунун катышуучулары "Ванчопа" кинокомедиасын коомчулука тартуулаганына бир аз убакыт болду.

Ссылка: https://barometr.kg/video-vanchopa-menen-rep-yrchysy-begish-mushtashyp-ketti



Добавить комментарий