Видео. Төө Ашууда туннелдин ичин түтүн каптады. Себеби эмнеде?

18 апрель 2019 13:05 2975 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok


Кусейин Көлбаев атындагы туннелдин ичинен түтүн чыгып айдоосуларга жана жүргүнчүлөргө тоскоолдук жаралганы тууралуу видеолор интернет булактарына тараган. Видеонун авторлору “элдер ууланып жатат, туннелдин ичинен араң чыктык” деген комментарийлерди берген. Ал эми бул окуя боюнча Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин басма сөз кызматы Barometr.kg сайтына билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 17-апрели күнү саат 17:30 чамаларында Кусейин Көлбаев атындагы туннелдин ичинде (Төө-Ашуу ашуусу, Бишкек-Ош унаа жолу) бензин ташуучу унаа түтөп, ортосунда токтоп калган, артынан келе жаткан унааларга жол жүрүүгө тоскоолдук жаралган. Жеринде ыкчам нөөмөттөгү ӨКМдин куткаруучулары туннелдин ичиндеги айдоочулар жана жүргүнчүлөр арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, аларды сыртка чыгарышкан жана түтүндөн толугу менен тазалангандан кийин көздөгөн багыт боюнча сапарын улаантарын айтышкан. Бензин ташуучу унаа чыгып, туннел түтүндөн тазалангандан соң жол кыймылы калыбына келген. Жабырлануучулар катталган эмес.

Ссылка: https://barometr.kg/video-t-ashuuda-tunneldin-ichin-tunneldin-ichin-ttn-kaptady-sebebi-emnede



Добавить комментарий