Видео. Сыймык Бейшекеев Америкада калпагын кийип алып, тоонун башына чыгып алып комуз менен "Ала-Тоону" созду

13 октябрь 2018 11:30 4438 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok


Белгилүү ырчы Сыймык Бейшекеев ак калпагын кийип алып, колуна комузун кармап алып, Америкадагы Калифорния штатындагы жайгашкан Yosemite улуттук паркында кыргыздын "Ала-Тоосун" даңктап ырдады. Бул тууралуу ырчы жеке баракчасына видеосун жүктөдү. Ырчынын айтымында калпакты көргөн чет элдиктер "Кыргызстандансызбы?"-деп сурашкан. Аз да болсо ак калпагы менен таанылып баштаган кыргыз элине суйүнүчү толуп кеткен ырчы куйөрмандары менен бөлүштү. 

"Калифорния штатында жайгашкан Yosemite улуттук паркынын кооздугу биздин Ала Арча коругуна окшошуп кетет экен, биздин коруктан 5 эсе чоңураактай сездим, бирок тоонун башына чыкканда баары бир кыргыз калпагы бийик турат деп мулуңдап алдым, анан ырымдап кыргыз ырлары дүйнөнүн бийик жерлеринде жаңырсын деп ниет кылып ырдап да койдум, береги сүрөткө тартып аткан америкалык кыз калпагыбыздан эле кыргызсыңарбы деп таанып басып келгенине кубана түштүк. Кыргызстанда болгом, Бишкек, Ош, Ысык Көлдү көргөм жериңер элиңер абдан жагат, айлавью десе дердеңдей түштүк, анча мынча биздин сөздөрдү чалып сүйлөп кандайсыз, жакшысызбы, керемет деп айтып абдан кубантты, кыргыздын комузу, обону менен добушу дүйнөнү аралап, ак калпагыбыз ар дайым сыймыка бөлөп аман жүрөлү!!!"-деген билдирүү калтырды.

Ссылка: https://barometr.kg/video-syjmyk-bejshekeev-amerikada-kalpagyn-kijip-alyp-toonun-bashyna-chygyp-alyp-komuz-menen-ala-toonu-sozdu



Добавить комментарий