Видео. Шыкмаматов: Издөөдө жүргөн Саймаити элчинин унаасында жүргөнүнө ким жооп берет?

13 ноябрь 2019 10:30 2580 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин депутат Алмамбет Шыкмаматов бүгүнкү жыйында Түркияда Аеркен Саймаитинин өлүмү боюнча маселе көтөрдү. Депутат  Өкмөт, күч түзүмдөрү бул боюнча, кылмыштуулук маалымат беришин талап кылды.

Кыргызстандын казынасына 5 млрд сом салык төлөбөй качып, издөөдө жүргөн адам Кыргызстандын Консулунун унаасын минип жүрөт? Премьер-министр да унчукпай жатат. Ушул суроолорго жооп бериши керек күч органдары. Ушунун баарын көрмөксөн болуп отурганыбыз чоң чатак. Аны териштириш керек”, - деди Шыкмаматов.

Атамекенчи депутат ошондой эле кылмыштуулукка байланыштуу Мадина базарындагы ишкердин өлүмү, аэропортто унаанын багажынан табылган ишкердин өлүмү, Кыргызкөмүр ишканасынын директору Канатбек Ашырбаевдин сабалышы тууралуу мисалдарды келтирип, бул резонанстуу өлүмдөргө байланышкан окуялар мамлекетке болгон кылмыштуулукутун чакырыгы деп сыпаттады.

 Мунун баарын ал Кыргызстан 50-жылдардагы Цицилия болуп баратабыз деди.

Ссылка: https://barometr.kg/video-shykmamatov-izdd-zhrgn-sajmaiti-elchinin-unaasynda-zhrgnn-kim-zhoop-beret



Добавить комментарий