Видео. Самара Каримова Tu Es Foutu хит ырын Ин-Грид менен Кремлде дуэт ырдайт
Бөлүшүү:
Ырчы Самара Каримова Москванын Кремль сарайындагы жеке концертинде франциялык белгилүү ырчы-айым Ин-Грид - Ингрид Альберини менен дуэт ырдайт.
Ингрид айым Самара менен Tu Es Foutu ырын чогуу ырдоого даярданып жаткан сүрөтүн өзүнүн Instagram баракчасына койгон.
Концерт эртең 23-октябрда Кремль сарайынын концерттик чоң залында болот.
Самара Каримова Кыргызстанда эң белгилүү эстрада жана кино жылдыздарынын бири катары таанымал. Анын Instagram’дагы аккаунтунун катталуучулары 1 млн 600 миңге жеткен.
Ссылка: https://barometr.kg/video-samara-karimova-tu-es-foutu-hit-yryn-grid-menen-kremlde-duet-yrdajt
Добавить комментарий ×