Видео. Россиялык ырчы жол кырсыгынан каза болду

17 сентябрь 2018 16:40 1621 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Россиялык опера ырчысы Михаил Луконин жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу ырчынын кырсыкка учураган видеосун Рен ТВ телеканалы жарыялады. Анда жолдун кесилишнде турган жеңил унаага жүк ташуучу чоң автоунаасы келип сүзгөндүгүн көрүүгө болот. 

Каргашалуу окуя 16-сентябрда Санкт-Петербург шаарында болгон. 

Михаил Лукониндин репертуарында опера жанрындагы 800дөн ашык ырлары болгон.  Ал бир нече жыл мурун "Грэмми"сыйлыгына көрсөтүлгөн. Ырчынын артында Полина аттуу жалгыз кызы калды.





Ссылка: https://barometr.kg/video-rossiyalyk-yrchy-zhol-kyrsygynan-kaza-boldu



Добавить комментарий