"Шашылыш операция жасалган". Ольга Бузова жандандыруу бөлүмүндө жатат

6 май 2021 11:28 2630 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Орусиялык теле алып баруучу Ольга Бузовага кече, 5-май күнү шашылыш операция жасалды. Бул тууралуу жергиликтүү "СтарХиту" сайты жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, алып баруучуну кече, 5-май күнү шашылыш ооруканга алып келишкен. Ага тез арада операция жасалган. Учурда, Бузова жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө жатканы кабарланды.

Азырынча, Бузовага кайсыл жеринен операция жасалганы айтыла элек.

Бул окуя тууралуу маалымат чыгары менен Бузованын инстаграм социалдык тармактагы профили дароо жабылган.

Ссылка: https://barometr.kg/shashylysh-operaciya-zhasalgan-orusiyalyk-alyp-baruuchu-olga-buzova-zhandandyruu-blmnd-zhatat



Добавить комментарий