Видео. Режиссер Садык Шер-Нияз баштаган кыргыз делегациясына Хүррем Султан сый көрсөттү

8 ноябрь 2019 21:18 12304 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Түрктөрдүн айтылуу “Даңазалуу доор” тасмасындагы Султан Сулеймандын жубайы Хүррем Султандын ролун аткарган актриса Мерьям Үзерли режиссер, Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз баштаган кыргызстандык делегацияга дасторкон жайып, сый көрсөттү. Бул тууралуу Садык Шер-Нияз өзүнүн facebook баракчасына жазып, сый тамакта отурган сүрөт койду. Ал эми делегация мүчөсү Рысгүл Акимжанова өзүнүн facebook баракчасына сый кеченин видеосун жүктөдү.

Астына Мерьям АКШнын Лос-Анжелес шаарында өтүп жаткан Asian World Film Festival’дын (Эл аралык Азия кинофестивалы) алкагында атайын кечесине чакырганы тууралуу билдирүү калтырган.

ASIAN WORLD FILM FESTIVAL уланып жатат. Бүгүн Мерьем Узерли фестивалга жардам берип, атайын кечесине чакырып, аябай төгүлүп чачылды. Биз деле кем калышкан жокбуз окшойт. Мерьем сулууга ыраазычылыгыбызды айттык. Ушул посттон пайдаланып атайын Кыргызстандан келген коллегаларыма, досторума бул жерде жардам берип жаткан урматтуу элчибизге колдоп келген мекендештериме ыраазычылык айтам”, - деген билдирүү жазган Садык Шер-Нияз.

Ссылка: https://barometr.kg/video-rezhisser-sadyk-sher-niyaz-bashtagan-kyrgyz-delegaciyasyna-hrrem-sultan-syj-krstt



Добавить комментарий