Садык Шер Нияз: Казак элине сабыр тилейм

11 январь 2022 20:09 4167 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Франциядагы Кыргызстандын элчиси Садык Шер Нияз казак элине кайрылып, сабыр тиледи.

Элчи казак элине болгон кайрылуусун соцтармакка жарыялады.

"Казагым кээде тынч да кээде толкун

Тын болсоң тынчтыгыңа ортоктошмун.

Демек беле Алыкул ким билет.

Кандай болгондо да сабыр тилеп турабыз. Ачуунун арты ачуу. Казак элине сабыр, журт башчыларына көсөмдүк. Кыргыздын башынан да ушул кыска 25-30 жыл аралагында эмнелер өткөн жок. Албетте биз ошол кан төгүүлөр жок эле өркүндөп өссөк болот эл. Ошол революцияларсыз эле мамлекетибизди бийиктете алат белек. Албетте болмок. Ошол жолду силерге тилейм боордоштор. Анткени канча революция болмоктон болсун бийликке умтулгандар бийликке келишет. Андан деле мыкты утуш болуп кетери күмөн. Ал эми бул окуялар албетте баарыбызга сабак. Атүгүл кыргызга дагы. Анткени биз ушундай пендебиз. Башыбызга ааламат келбейин аңдап билбейт экенбиз. Мен кээде корком ушинтип кызыл чеке болуп жатканда сырттан душман басып кирсе не болот. Казакка дагы кыргызга дагы. Ачуубуздун аягы мамлекеттен ажырап калсакчы. Кудай сактасын дейбиз. Сактансак сактайт. Бир көзүбүз бир көзүбүзгө жоо заманда жашап жатабыз. Эл менен бийликтин байланышуусунун жаңы формаларын табуу керек окшойт. Жаңысын таппасак салтыбыздагыны колдонсок. Илгери аксакалдар институту иштээр эле. Азыр эми “акшакал” деген сөз пайда болду. Аны да бийлик сонун колдоно турган болду. Орден медалдарды төшүнө тагып сый урмат кылып жатса, айла ал пенде жарыктык ошого көнө түшөт турбайбы. Бирок арбир алты ай сайын компьютер менен терип чакырып 65тен ашкан аксакалдардын анан ошолордун үнүн угуп турсакпы. Мейли кимиси келсе анысы келсин мейли жогорку билимдүүсү келсин мейли сугатчы, чабан келсин. Ким болбосун аксакал болуп калган курагында бизге ачуу чындыкты айтып берээр. Германиянын аскер уставында бир пункт бар дешет. Командириңе каршы арыз бергиң келсе ошол окуя болгон убакыттан үч күндөн кийин гана арыз бере алат экенсиң. Ачууң кайнап турган убакытта арыз бере албайсың. Мүмкүн ушундай салттары менен Германия Германия болуп тургандыр. Биз элчилер бир жакка чогуу барып калсак, эң куруган, ачка, миллиондоп эли ачарчылыктан куурап жаткан мамлекеттердин элчилери эң кымбат машиналарды тебишет экен тообо. Мүмкүн ошону үчүн да аларга кудай бербей жаткандыр. Сөөлөттү биз бийликке кылган кошомат деп билип калдык. Сөөлөт бул элиңе кылган кызмат эмеспи. Канчалык бийик болсок ошончолук жапыз бол деген эл сөзүн унутуп бара жатабыз.

Текебердик көп болуп кетти арабызда. Бул дагы чоң маселе.

Көр дүйнөнүн үстүнөн көмөлөнгөндөрдү көрдүм.

Бирок ушунун ичинен эң опурталдуусу ачуу. Ачууга алдырбайлы сабыр тилейм. Боорума сабыр тилейм. Казагыма сабыр тилейм. Тууганыма сабыр, туурдагыларына көсөмдүк…

Жарыкта күн адаштырат жаңылат

Анык жолдор караңгыда табылат

Күндүзү биз калпыс салган издерге

Түндө жылдыз багыт берээр жаңылап…", - деп жазды Садык Шер-Нияз.

Ссылка: https://barometr.kg/sadyk-sher-niyaz-kazagyma-sabyr-tilejm



Добавить комментарий