Видео. Парламентте өкмөттүн отчетун угуу уланууда
Бөлүшүү:
Бүгүн, 25-апрелде КРнын премьер-министринин 2018-жылы өкмөттүн жасаган иштери тууралуу отчетун угуу уланууда.
Жыйын суроо-жооп форматында өтүп жатат. Суроолорго башында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев турган өкмөт мүчөлөрү жооп узатууда.
Эскерте кетсек, 24-апрелде Жогорку Кеңеш КРнын өкмөт башчысынын 2018-жылы жасаган иштери тууралуу отчетун угууну баштаган. Жыйындын жүрүшүндө депутаттар өкмөт мүчөлөрүнө өлкөнүн социалдык, экономикалык жагдайын эскертишип, чек ара, административдик-аймактык реформалар жана башка көп маселелер тууралуу сунуш пикирлерин айтып жатышат.
Ссылка: https://barometr.kg/video-parlamentte-kmttn-otchetun-uguu-ulanuuda
Добавить комментарий ×