Видео. ММА мушкери Дастан Шаршеев атаандашын нокаут менен утту

23 декабрь 2019 12:25 16233 Barometr
Бөлүшүү:
ok


 Кыргызстандык мушкер Дастан Али Шаршеев “Warriors of Turan” аталыштагы Эрежесиз эр уруш (ММА) мелдешиндеги беттешин нокаут менен утту.

Дастан 73 кг салмакта беларуссиялык Александер Михайлин менен октагонго чыгып, биринчи эле бөлүктө тизеси менен атаандашын башына тээп эстен тандырды.

Abadan Fighting Championship уюштурган мелдеш кечээ Түркиянын Стамбул шаарында өткөн.

Дастан Шаршеев мелдеш алдында “barometr.kg” сайтына маек куруп, даярдыгы мыкты экенин айткан. Атаандашы туруп мушташканын, бул Дастан үчүн ыңгайлуу экенин билдирип, жеңишке жетүү үчүн эң башкысы мушкер өзүнө бекем ишениши керектигин айткан болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/video-mma-mushkeri-dastan-sharsheev-ataandashyn-nokaut-menen-uttu



Добавить комментарий