Түлөбаев мушкер Дастан Шаршеевди жардамчы кылып жумушка алды
Өкмөттүн Ысык-Көл облусунун жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган Балбак Түлөбаев мушкер Дастан Али Шаршеевди өзүнө жардамчы кылып алды. Бул тууралуу анын социалдык тармактагы баракчасына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Мушкер Дастан Али Шаршеев өкмөттүн Ысык-Көл облусунун жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган Балбак Түлөбаевдин жардамчысы болду.
"Урматтуу калайык калк. Дастан Али Шаршеев деген жигитти жардамчы кылып алдым. Эми элине кызмат кылсын", - деп жазган Балбак Түлөбаев.
Белгилей кетсек, Балбак Түлөбаев кечээ, 27-июлда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган. Бул кызматка келгенге чейин ал Бишкек шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси болчу.
Ссылка: https://barometr.kg/balbak-tlbaev-mushker-dastan-ali-sharsheevdi-zhardamchy-kylyp-zhumushka-aldy
Добавить комментарий ×