Видео. Мирбек Атабеков "Ала-Тоо" аянтындагы карды тазалап жаткан кызматкерлерге ырдап берди
Бөлүшүү:
Эстрада ырчысы Мирбек Атабеков “Тазалык" муниципалдык мекемесинин кызматкерлерине ырдап берди. Бул тууралуу ал социалдык тармактан билдирди.
Видеодо, ырчы 23-декабрда Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтында калың жааган карларды жумушчулар тазалап жатканына күбө болгону айтылат.
Иштеп жатышкан ага-эжелер эстрада жылдызынан ырдап берүүсүн суранышкан. Мирбек Атабеков “Мөлмөлүм” ырын ырдап жатканда жумушчулар да кошулуп шаңдуу ырдашып, бийлешип маанайларын көтөрүшкөн.
Атабеков эшиктин суугуна карабастан эмгектенген ага-эжелерге ыраазычылыгын билдирди.
Добавить комментарий ×