Видео. Мирбек Атабеков "Ала-Тоо" аянтындагы карды тазалап жаткан кызматкерлерге ырдап берди

24 декабря 2019 09:00 10089 Barometr
Поделиться в:
ok



Эстрада ырчысы Мирбек Атабеков “Тазалык" муниципалдык мекемесинин кызматкерлерине ырдап берди. Бул тууралуу ал социалдык тармактан билдирди.

Видеодо, ырчы 23-декабрда Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтында калың жааган карларды жумушчулар тазалап жатканына күбө болгону айтылат.

Иштеп жатышкан ага-эжелер эстрада жылдызынан ырдап берүүсүн суранышкан. Мирбек Атабеков “Мөлмөлүм” ырын ырдап жатканда жумушчулар да кошулуп шаңдуу ырдашып, бийлешип маанайларын көтөрүшкөн.

Атабеков эшиктин суугуна карабастан  эмгектенген ага-эжелерге ыраазычылыгын билдирди.


Ссылка: https://barometr.kg/video-mirbek-atabekov-ala-too-ayantyndagy-kardy-tazalap-zhatkan-kyzmatkerlerge-yrdap-berdi



Добавить комментарий