Видео. Койдой болгон дарбызды араң алып кетти

12 июль 2019 19:34 3176 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Түркияда дыйкандар абдан чоң дарбыздарды өстүрүшүүдө. Бул тууралуу социалдык баракчанын колдонуучусу видео бөлүштү.

Андан кардар дыйкан талаада өстүргөн дарбызды сатып алып жатканын жана аны эптеп көтөрүп кол арабага жүктөгөнүн көрүүгө болот.Колдонуучулар “бул дарбыздар пестицид жок эле өстүрүлдү бекен” деп санааркап жатышат.

Эскерте кетсек, жакында Мамлекеттик ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук агенттиги Өзбекстан менен Тажикстандан ташылган дарбыз-коондорго көзөмөлдөөнү күчөтүүнү өтүнгөн. Анда айтылган маалыматка таянсак, базарда сатылып жаткан, тыштан ташылып келинген дарбыз менен коондордогу нитраттардын өлчөмү жогору экени белгилүү болгон. Бул адамдардын саламаттыгы үчүн өтө кооптуу экени эскертилген.


Ссылка: https://barometr.kg/video-kojdoj-bolgon-darbyzdy-ara-sjrp-ketti



Добавить комментарий