Видео. Индонезиядагы цунами, жер титирөө жана вулкан коштолгон кырсык спутниктен тартылып видеосу жарыяланды
Кырсык артынан кырсык тооруган Индонезиядагы цунамиден, жер титирөөдөн каза болгондордун саны 2000ге чукулдады. Ал эми дайынсыз болуп жаткандар 5000ден ашты. Бул тууралуу Индонезиянын маалымат булактары жергиликтүү куткаруучулардын берген фактысына таянып жазып чыгышты.
Сулавесидеги жер титирөөдөн кийин коштолгон цунами, вулкан атылуулар жана ага удаалаш 6 метрге жеткен суунун курмандыктары болгон жергиликтүү тургундар туугандарынын, жакындарынын тирүү же өлгөн денелерин издеп, калаада эпидемия жүрүп кетпеши үчүн дароо жерге көмүп жатышат.
Эске салсак, ушул жылдын 28-сентябрында күчү 7 баллга жеткен жер титирөөдөн улам Индонезияда цунами жүруп, вулкан атылып кырсыктын аягы тыйылбай келет.
Добавить комментарий ×