Видео. Акжол Сулайманбек уулу: Дүйнө чемпиону болуу үчүн кезеги менен кадам ташталып жатат (Эксклюзив)

8 октябрь 2019 18:06 2380 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Кыргызстандык мушкер, кесипкөй бокстун World Boxing Association Asia версиясы боюнча 4 жолку чемпион Акжол Сулайманбек уулу бүгүн 29 жашка толду. Учурда кичи мекени Баткенге келип, эс алып жаткан чагы. Ал жакында эле төртүнчү ирет чемиондук наамды коргоп калды. Бул үчүн масштабдуу машыгуу процесси жүргөн, ошондуктан эс алууга бошотулган. Буга чейин Америка Кошмо Штаттарына (АКШ) барып, ден соолугун калыбына келтирип эс алып келген. Акжол учурда Орусиянын Урал аймагындагы RCC Boxing Promotions уюму менен кызматташып келет.

“Barometr.kg” сайтынын кабарчысы мушкерге байланышып, АКШ барганы, акыркы беттеши, алдыгы пландар тууралуу маек курду. Баткенден чыккан алгачкы кечипкөй мушкер Дүйнөнү багындыруу үчүн кадам артынан кадам коюп жатканын айтып берди.

- Акжол АКШга барып келгениңди уктук. Профессионал бокстун ордосу катары саналган АКШга жөн жерден барган эмес болсоң керек? Чеберчиликти дагы да арттыруу үчүн Машыгууну АКШда улантуу жагдайларын караштырып келгендирсиң?...

- Ооба АКШга барып, ден соолугун калыбына келтирип эс алып келдим. Чынында төртүнчү ирет чемпиондук наамды коргоо оңой болгон жок. Беттешке даярдык оор болду. Организмди эс алдырайын деп АКШга келдим. Ал жакта эс алдым.

- АКШда кесипкөй бокстун орто оор салмактагы абсолюттук чемпиону, украиналык мушкер Александр Усик менен чогуу бир залда машыктыңбы?

- Усик машыккан залга бардык. Машыгуусуна катыштым. Кээде атактуу спортчулардын, мыкты боксчулардын машыгуудагы айрым кыймылдарынан деле өзүңө керек болгон сыпаттарды алса болот. Ал эми Өзүмдүн кийинки машыгуумду АКШда улантуу боюнча азырынча сөз кылуу эрте. 

- Акжол баса, профессионал бокстагы чемпиондук наамды 4-ирет коргоп калган ийгилигиң менен куттуктайм!

- Рахмат! Кудай колдоп, чемпиондук титулду 4-жолу коргой адым. Бул деген дүйнө чемпиондугуна талапкер болууга дагы бир кадам жакындоо десек болот. Чемпион болуу кыйын, ал эми чемпион бойдон калуу, же титулду коргоп калуу андан да кыйын экен. Себеби кесипкөй бокстагылардын баары жөнөкөй мушкерлер эмес.

- Беттештеги экинчи раундда ылдыйдан өпкө-боорду аралаштыра узаткан соккуң таймаштын тагдырын чечип койду. Атаандаштан бир көз ирмемчелик мурда таамай да кубаттуу да сокку берип жетишип калдың. Сокку берип жатканда Мильнера Маркано’нун оң колдоп соккуга даярданып жатканын көрдүңбү, же дал ошол жер ачык, коргоосуз калганын сездиңби?

- Чынын айтсам, бул соккуну узатуу үчүн мен атайын даярдандым. Ал турсун, беттеш алдында чечинүүчү жайдан чыгып келе жатканда да кайра-кайра кайталап, автоматтык түргө алып келүү үчүн колду көндүрдүм. Кызыгы, мен кичинекей кезимде сол кол менен катуу сокку урчумун... Ошол убактагы сапаттар кайра ойгонуп жатат окшойт деп ойлоп жатам (күлүп).


- Айтчы, өзүң таймаш кандай болот деп күттүң эле? “2 эле раундда нокаут кылып утам” деген ой болбосо керек?...

- Мен башынан эле атаандашты нокаутка жыгам деген ой (настрой) менен чыкканмын. Бирок биз (жылпы команда) нокаутту 3-раунддан кийин болжолдоп атканбыз. Себеби бардык эле беттештин алгачкы раунддары мен үчүн атаандашты текшерүү (разведка) болот.

- Беттештин жыйынтыгына кандай баа берилди машыктыруучулар тарабынан? Мурдагы бойлорго караганда өсүү болгонун айтыштыбы?

- Тренер бул жолу канааттандырарлык деген баа берди. Себеби беттеш алдында коюлган бардык тапшырмалар аткарылды.

- Жеке сен өзүңдө өсүү болду деп эсептейсиңби?

- Мен ар бир беттешиме өзүмчө талдоо жүргүзөм. Мурдагыга караганда жылыш бар. Эң аз дегенде 1 тепкич жогоруладым.

- Негизи атаандаш бой алдында ар тараптан анализге алынат да, кайсыл жактары күчтүү, алсыз жактары кандай? Кантип каршы аракет көрүп, иштеш керек, дегендей... Бул сапар атаандаш чукул арада алмашып, машыгуу процессине кыйынчылык жараткан жокпу?

- Туура айттыңыз... Бул беттеш 2 эле раундда бүткөнү менен ага даярдануу мен үчүн аябай оор болду. Биринчиден, буга чейин Түштүк Африкалык эки мушкер талапкер болуп, анан боксташуудан баш тартты. Анан Филиппиндик мушкер тандалды. Анын артыкчылык, кемчиликтерин байкап изилдөөгө, таанып-билүүгө дээрлик убакыт деле болгон жок. Дал ушул жагы мага кыйынчылык жаратты. Себеби атаандашка каршы даярданасын. Өзүңдү даярдайсын. Бир канча убакыт кетет. Эми гана көңүлдү, болгон дитиңди коюп баштаганда ал беттештен баш тартып койсо настрой бузулат. Ошондукта Мильнера Маркано менен беттеште баарын ринг көрсөтөт деп тобокел менен чыктым. Жыйынтыгында 2-раундда нокаут менен жеңдим.

- Акжол Маркано менен беттеште Кыргызстандын профи бокстагы атактуу мушкери Орзубек Назаров катышыптыр. Бойдон кийин жолугуп куттуктаса керек...? Эмне жөнүндө сүйлөштүңөр, кеп-кенештерди берсе керек?

- Ооба биз беттештин кийин жолугуп, чогуу сүйлөшүп отурдук. Менин беттешим андеркарттын башында болуп, ал киши көргөнгө жетишпей калды окшойт. Деген менен бокста тайманбастык, кайрат, патриоттуулук боюнча баалуу кеп-кеңештерин, шыктандырган сөздөрүн айтып отурду. Орзубек Назаров Кыргызстандын бокс тарыхындагы эң бийик чокуну багынткан мушкер катары таанымал. Бул киши менен мен биринчи жолу бетме-бет отуруп сүйлөшүп жатам. Аябай жөнөкөй киши экен. 2014-жылы “бокстун спорт чебери” күбөлүгүн мага дал ушул Орзубек Назаров тапшырган. Кыргызстандын бокс легендасы менен ошондо кол кармашкан болсом, мына экинчи жолу ушундай чоң беттеште кол кармашып учураштым. Бул мен үчүн чоң сыймык.


- Алдыдагы пландар кандай?

- Алдыда план көп. Буюрса машыгууну улантам. Тажрыйбалуу мушкерлер менен иштешип, чеберчиликти дагы да арттырам деген ниет бар.

Эң башкы максат – дүйнө чемпиону болуу. Буюрса ошол максатка жетүү үчүн акырындап, кезек-кезеги менен кадамдар жасалып жатат.

Маегиңе рахмат! Буюрса Жараткан ошол ийгиликтерге жеткирип, эгемен Кыргызстаныбыздын желеги бийикте желбирей берсин!

Ссылка: https://barometr.kg/video-djn-chempionu-boluu-chn-kezegi-menen-kadam-tashtalyp-zhatat-eksklyuziv-maek



Добавить комментарий