Кыргызстандык кесипкөй мушкер Акжол Сулайманбек уулу кичи мекени Баткенге барды

5 октябрь 2019 09:14 4507 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандык мушкер, кесипкөй бокстун World Boxing Association Asia версиясы боюнча 4 жолку чемпион Акжол Сулайманбек уулу кичи мекени Баткенге келди. Бүгүн ал Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында 106 үй-бүлө (жесир, жалгыз бой энелер) үчүн курулган социалдык шаарчага барды. Бул тууралуу “barometr.kg” сайтына мушкер өзү билдирди.

Анын айтымында чемпиондук наамды коргоп калуу үчүн масштабдуу машыгуу процесси жүргөн. Ошондуктан эс алууга бошотулган.

Мушкер төртүнчү ирет чемпиондук наамды коргогондой кийин кесипкөй бокстун мекени Америка Кошмо Штаттарына (АКШ) барып, ден соолугун калыбына келтирип эс алып келген.

Акжол 24-августта чемпиондук наамды коргоо үчүн венесуэла мушкери Милнер Маркано менен рингге чыккан. Беттештин экинчи бөлүгүндө эле боорду аралаштыра урган кубаттуу соккусу менен атаандашын нокаутка жыгып, жеңип, чемпион бойдон калган.

Акжол учурда Орусиянын Урал аймагындагы RCC Boxing Promotions уюму менен кызматташып келет.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyk-kesipkj-mushker-akzhol-sulajmanbek-uulu-kichi-mekeni-batkenge-bardy



Добавить комментарий