Видео. Дөңгөлөк алдында калган 18 жаштагы кыздын акыркы мүнөтүндөгү видеосу жарыяланды

19 июль 2019 09:06 16031 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Түркияда 18 жаштагы кыз каттамдагы автобустан түшүп бирок анын арткы дөңгөлөгүнө тебеленип каза тапты.Бул тууралуу видео Ютуб каналына жарыяланды.

 Кырсык 16-июлда Гебзе шаарында болгон. Айдоочу белгисиз себептерден улам аялдамага жетпей токтогон жана андан 18 жаштагы Гюнай Асар саатына 30 чакырымдык ылдамдык менен бара жаткан автобустан түшүп калган.

Тилекке каршы, кыз автобустун арткы дөңгөлөгүнүн алдында калды жана тез жардам келгенче көз жумду.

Sabah басылмасы айдоочу камакка алынганын кабарлады.

 

Ссылка: https://barometr.kg/video-dglk-aldynda-kalgan-18-zhashtagy-kyzdyn-akyrky-mntndg-videosu-zharyyalandy



Добавить комментарий