Видео. Чык эшикке каракчы! Президент аткаминерди кууп чыкты
Украинанын президенти Владимир Зеленский Бориспольский шаардык кеңешинин катчысы Ярослав Годунканы жыйын өтүп жаткан залдан кууп чыкты. Бул тууралуу "Сегодня.ua" кабарлады.
Президент Годунканын мурда соттолгонун уккандан кийин токтоно албай калган.
“Мен бул жерде Бориспольский шаардык кеңешинин катчысы Ярослав Михайлович каракчылык жана денеге оор залал келтиргени тууралуу окудум. Бул жерден чыгып кет, каракчысың сен. Мени начар угуп жатасыңбы сен?”,-деп ачууланып кыйкырды Зеленский.
Аткаминер өзүнүн жүйөлөрүн келтирмек болгондо президент ого бетер каарданды. Акыры аткаминер жыйын залынан кетүүгө мажбур болду.
Ссылка: https://barometr.kg/video-chyk-eshikke-karakchy-prezident-atkaminerdi-kuup-chykty
Добавить комментарий ×