Видео. Чек ара: Баткендин Орто-Боз айылына чектеш талаш жерде тажиктер курулушту кызуу улантып жатат

18 сентябрь 2019 16:11 2962 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Тажик тарап Баткендин Орто-Боз айылындагы Жака-Өрүк (Жалгыз Өрүк) аймагына жакын такталбаган чек ара тилкесинде курулуш иштерин кызуу улантып жатат. Буга тынчсызданган айыл тургуну курулуштун жүрүп жатканын видеого тартып, “Barometr.kg” сайтына жиберген. Ал өзүнүн ким экенин айткысы келген жок.

Атын айткысы келбеген тургундун айтымында, кечээ Өкмөт башчы Мухаммедкалы Абылгазиев Баткен облусуна барганда Орто-Боз айылынын эли менен жолугуп, тажиктер Жака-Өрүктө баштаган курулушту токтотобуз деп убада берген. Бирок бүгүн курулуш кызуу жүрүп, 200дөй киши иштеген.

 Тажиктер баштаган курулуш эмне максатта экендиги азырынча айтыла элек.


Ссылка: https://barometr.kg/video-chek-ara-zhaka-rkt-tazhikter-kurulush-ishin-kyzuu-zhrgzp-zhatat



Добавить комментарий