Видео. Баткенде чек арада тажик-кыргыз тиреши башталдыбы?
Ош-Исфана кан жолунун Баткен районунун Көк-Таш менен Орто-Боз айылындарынан өткөн жерине тажик тарап таш, шагыл төктүрүп жатат.
Бул тууралуу Ак-Татыр айылдык жергиликтүү кеңештин депутаты Санжарбек Ысаков “barometr.kg” сайтына билдирди.
Анын айтымында, тажик тарап эмне максатта мындай кадамга барып жатканын азырынча кыргыз тарапка айта элек.
“Биздин Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы кырдаалды тактоо максатта болсо кошуна Тажикстандын Чорку жамаатынын (айыл өкмөтү) жетекчилигине телефон чалса, эч кандай жооп болбой жатат. Эки тарапта эл чогулуп турат. Милиция, чек ара аскерлери кырдаалды көзөмөлдөп турат”, - деди Санжарбек Ысаков.
Эскерте кетсек, азыр окуя болуп жаткан участок Орто-Боздогу айтылуу Жака (жалгыз) өрүк деген жер. “Адахан Мадумаров Мамлекеттик катчы болуп турган кезде Тажикстандан 49 жылга ижарага алуу боюнча макулдашууга кол койгон”, - деп айтылып келген 275 метр жер.
Айрым маалыматтарга караганда Кыргызстан конуша өлкөнүн Хочаи аьило айылынан көз каранды болбогон Көк-Таш – Ак-Сай жолуна асфальт төшөп баштаганына тажик тарап нааразычылык иретинде ушундай кадамга барып жатканы айтылат.
Ссылка: https://barometr.kg/batkende-chek-arada-tazhik-kyrgyz-tireshi-bashtaldyby
Добавить комментарий ×