Видео. Тажиктер чек арадагы талаш жерде баштаган курулушту бузуп кетүүдө

20 сентябрь 2019 15:57 1956 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Тажиктер Баткендин Орто-Боз айылында Жака-Өрүк участкасында чек арада талаш жерге баштаган курулушун бузуп кетип жатышат. Учурда жолдун эки жагы тегизделди. Бул иш бүгүн эртең мененки саат 11лерде башталган. Жолдун эки жагындагы курулушту бузууда 2 экскаватор иштеп, урандылар башка жакка ташылып кетти. Ал жер тегизделген абалга келтирилди. Ал эми жолдун экинчи учундагы пайдубал бузула элек.

Бул тууралуу видеону Эрмат аттуу жергиликтүү тургун тартып “Barometr.kg” сайтына жиберди.

Эске сала кетсек, 16-сентябрда Тажикстан тарап өзүнүкү деп эсептеген Ош-Исфана жолунун 250 метр жерде жолдун эки учуна тең курулуш баштаган болчу.  

Ссылка: https://barometr.kg/video-tazhikter-chek-aradagy-talash-zherde-bashtagan-kurulushtu-buzup-ketd



Добавить комментарий