Видео. Бишкекте эркек киши бешинчи кабаттан дүкөндүн чатырына кулады
Бишкектеги Бөкөнбаев жана Правда көчөлөрүнүн кесилишинде эркек киши 5-кабаттан 2-кабатта жайгашкан дүкөндүн чатырына кулап кеткен. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз катчысы Гуля Алмамбетова социалдык түйүндө түз эфирден маалымдады.
Анын айтымында эркек киши тирүү калган.
“Баардык кызматтар окуя болгон жерге бир нече мүнөт өтпөй жетип келишти. Куткаруучулар дүкөндүн чатырына чыгып жабырлануучуну куткарышты. Тез жардамга өткөрүп беришти”,-деп кабарлады Гуля Алмамбетова.
Алмамбетова бул жерге жакын жашарын кошумчалады. Кыйкырыкты угуп ал көчөгө чуркап чыккан жана реалдуу убакытта социалдык тармактарга маалымат берүүнү чечкен.
Ссылка: https://barometr.kg/video-bishkekte-erkek-kishi-beshinchi-kabattan-dkndn-chatyryna-kulady
Добавить комментарий ×