Видео. Анжелика сүйүктүүсүн ачыкка чыгарабы?
Ырчы Анжелика Кайратова өзүнүн жүрөгүнүн ээси бар, жүрөгү бош эмес экенин жарыялаган. Ырчы сүйүктүүсүнүн өздүк баракчасына видеолору менен четин бөлүшүп келген. Мындан ары жеке жашоосун ачыка чыгарбай турганын билдирди.
“Жеке жашоомдун эшиги жакындарыма гана ачык болот. Сиздер үчүн жөн эле үч кыздын апасы, эмгекчил-Анжелика бойдон калайын. Өткөн нерселер өттү, кетти. Адеп эле менин эмне кылышымды жаза бербешиңиздерди өтүнөм.
Эң негизгисин билем, маңдайга жазылган тагдырга баш ийип туура жашашты. Көңүлүм, жүрөгүм тынч. Мага тилеген жакшы тилегиңиздер - сиздерге он эселеп кайтсын. Эч бир инсан жалгыз бой болбосун, түгөйүн тапсын", - деп билдирүүсүн калтырды.
Ссылка: https://barometr.kg/video-anzhelika-sjktsn-achyka-chygaraby
Добавить комментарий ×