Видео. Алмадай мөндүрлөр чокусуна тийген 18 киши ооруканага жаткырылды
Италиянын Пескара шаарында 18 киши мөндүр жаап өткөндөн кийинки жаракаттан улам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу newsru.com кабарлады.
Катуу шамал, нөшөрлөгөн жамгыр жана мөндүр өлкөнүн Адриатикалык жээгинде болгон. Начар аба ырайынан Абруццо районуна катуу жамгыр жаап, соңу мөндүргө айланган. Алмадай чоң мөндүрлөр жабыркагандардын беттерин жана башын жарып кеткен, алардын арасында кош бойлуу бир келин бар.
Пескарадагы мөндүрдөн улам чатырлар сынып, унаалардын жана үйлөрдүн терезелери талкаланган. Коңшулаш Эмилии-Романье жана Молизе аймагында мөндүр унааларды талкалап, дыйкандардын чарбасына зыян алып келди.
Ссылка: https://barometr.kg/video-almadaj-mndrlr-chokusuna-tijgen-18-kishi-oorukanaga-zhatkyryldy
Добавить комментарий ×