Видео. Айдана Деканын "Жыргап жаша" деген ыры "плагиатпы?"
Ырчы кыз Айдана Дека жаңы чыгарган "Жыргап жаша" аттуу ыры плагиат, уурдалган ыр окшойт деп интернет колдонуучулар кызуу талкууга алууда. Анткени жогоруда аталган ырга окшош ырды Казакстандык ырчы кыз Дана Кентай аткарат. Бул тууралуу Дана Кентай өздүк баракчасына "Ырдаса ырдасын, жок дегенде авторун туура жазып койбойбу" деп жазган. Ал эми Айдана Дека ырдын авторлору сөзү Т.Салиевге таандык болсо, обону Ильяз Абдразаковдуку деп ырдап чыккан. Эми Казактар бул ырдын автору жаш акын Ершат Кайболдин жазгандыгын айтып, ал эми обону Газизхан Шекербекке таандык экендигин айтышууда. Бул тууралуу кыргыз авторлор азырынча үн ката элек.
Ссылка: https://barometr.kg/video-ajdana-dekanyn-zhyrgap-zhasha-degen-yry-plagiatpy
Добавить комментарий ×