Видео. Ала-Тоо аянтында митинг болуп жатат

7 январь 2019 15:04 2664 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында бир топ жарандар митинг өткөрүү үчүн чогулушту.

Митингчилердин айтуусу боюнча алар кытайдагы лагерлерде кармоодо турган этникалык кыргыздарга колдоо көрсөтүү максатында чогулушкан.

Буга кошумча алар бийлик өкүлдөрүнөн азыркы учурда Кыргызстанда жашап жаткан кытайларды депорттоону талап кылышууда.

Митингчилердин алдында сүйлөгөндөрдүн бири:

"Келгиле баарыбыз 17-январда ушул жерде чогулалы. Азыр бийлик эс алууда болгондуктан, бизди бийлик өкүлдөрү угушу үчүн 17-январда чогулушубуз керек. Бул митингде уюштуруучулар жок болоорун айта кетели. Каалоочулар өздөрү WhatsAppтан бири бирине кабарлап келүүсү керек экендигин дагы айта кетели." -деп өз оюн айтты.

Бирок митингдин айрым катышуучулары тарап кетпей аягына чейин турууну талап кылышууда.

Ссылка: https://barometr.kg/vide-ala-too-ayantynda-miting-bolup-zhatat



Добавить комментарий