Вице-премьерликке Мадумаров менен Суваналиевдин талапкерлиги көрсөтүлүүдө. Кимди колдойсуз?
“Ак үйдөгү” көшөгө артында айтылган маалыматтар боюнча вице-премьерликтен кеткен Жеңиш Разаковдун ордуна эки кишинин талапкерлиги каралууда. Бул тууралуу “Барометр” маалымат агенттигине өкмөттөгү ишенимдүү булактар билдирди.
Тактап айтканда вице-премьерликке Акрам Мадумаров менен Өмүрбек Суваналиевдин талапкерлиги көрсөтүлүүдө.
Жеңиш Разаков 11-февралда вице-премьерликтен кеткен. Маалыматка ылайык, ал кызматтан кетүү үчүн өзү арыз жазган.
Белгилей кетсек, Мадумаров учурда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштейт. Ал бул кызматка былтыр 2019-жылы апрелде дайындалган.
Ал эми Суваналиев 2019-жылы февралда Кыргызстандык Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп дайындалган.
Добавить комментарий ×