Вице-мэр Мозгачева кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен кыргызча куттуктады (видео)
Бүгүн, 23-сентябрь - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил майрамы. Бул майрамды утурлай Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен кыргызча куттуктады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“Урматтуу шаар тургундары жана коноктору, сиздерди мамлекеттик тил күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Ар бир улуттун өзүнүн ыйык мурастары болот. Анын эң башкысы-тили. Мамлекеттик тилибизди көздүн карегиндей сактап, улам байытып, өнүктүрүү ар бирибиздин милдетибиз. Биздин мамлекеттик тил достуктун жана ынтымактын тили болсун", -деди вице-мэр.
Бүгүн кыргыз тилине мамлекеттик тил макамын берүү тууралуу мыйзамдын кабыл алынганына 31 жыл болду.
Кыргыз ССРинин Жогорку Совети 1989-жылы 23-сентябрда «Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзам кабыл алып, анда кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган.
Добавить комментарий ×