Кыргызстанга ветеринардык дары-дармектин көбү кайдан келет?

10 февраль 2020 17:01 858 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоют жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча борборунун башкы адиси Адылбек Иманалы уулу ветеринардык дары-дармектердин сертификаты ар бир ветеринардык аптекада болушу керектигин айтты. Себеби Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан калктын басымдуу бөлүгү дыйканчылык жана мал чарбачылык менен алектенет. Бул тууралуу айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Адылбек Иманалы уулу бир катар суроолорго жооп берген.

- Адыл мырза, саламатсызбы, сиздердин борбор кандай иштерди аткарат?

- Саламатчылык, биздин борбор Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын каттоо менен иш алып барат. Бизге келип түшкөн ветеринариялык дары-дармектер тийиштүү эксперттерге жөнөтүлөт. Андан кийин биздин лабораториядан текшерүүдөн өтүп, сапаты тастыкталат. Лабораториябызда атайын жандыктар бар, биз аларга эксперимент жүргүзөбүз. Ошонун жыйынтыгы менен каттоо күбөлүгүн беребиз. 

- Сиздерден алынган сертификаттын көчүрмөсү милдеттүү түрдө ар бир ветеринардык аптекаларда болушу зарылбы? 

- Сиз эң туура суроо бердиңиз, сатууга келген ар бир ветеринардык дары-дармектердин сертификаты ар бир ветеринардык аптекада болушу керек. Фермерлерден суранат элек, дары алып жатканда анын сертификатын сураңыздар. Анткени, дарылар контрабандалык жол менен да келген болушу мүмкүн. 

- Былтыркы жылы канча дарыга сертификат бердиңиздер?

- Өткөн жылы биздин борбор 147 аталыштагы ветеринардык дары-дармектерди каттоодон өткөрдү. Андан сырткары 30 аталыштагы ветеринардык дары-дармектердин каттоо документтери токтотулуп, эки тоют кошулмасы техникалык регламенттин талаптарына жооп бербегендиктен артка кайтарылды. 441 аталыштагы дары-дармектер сертификациядан өттү. 

- Эгерде, сиздерден каттоодон өтпөгөн дары-дармектер өлкөгө киргизилген учур аныкталса кандай чара көрүлөт? 

- Ветеринардык инспекция көзөмөл жүргүзүүчү орган болуп эсептелет. Биз аларга кат менен кайрылабыз, калган иштерди алар жүргүзүшөт. 

- Сиздерден сертификат алуунун мөөнөтү канча убакытты түзөт? 

- Тийиштүү документтерди топтоп келген соң, биз бир жуманын ичинде ошол дарынын шайкештик сертификатын беребиз. 

- Кыргызстанга былтыркы жылы кайсы өлкөлөрдөн ветеринардык дарылар кирди? 

- Биздин өлкөгө көбүнчө Россиядан, Кытайдан, Белорусия жана Украинадан көп дары-дармектер келет.

Ссылка: https://barometr.kg/veterinardyk-dary-darmekterdin-sertifikaty-ar-bir-veterinardyk-aptekada-bolushu-kerek



Добавить комментарий